Коом

16-октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, 16-октябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн −1…+4, күндүз 1…6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 9…14;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9.

Бишкек шаарында жаан жаап, карга айланышы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 9-14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 5…7° жылуу болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button