Коом

Психоневрологиялык ооруканадагы кордук: жарым жылаңач бейтаптар сасык, суук бөлмөдө кармалат

КР Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбор стационардык мекемелердин биринде адамдарга адамгерчиликсиз мамиле жасалган фактылар аныкталганын кабарлады.

Маалыматка караганда, 25-октябрда аталган борбордун кызматкерлери Жайылдагы аялдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде болгуп, бейтаптарга карата одоно мыйзам бузууларды аныкташкан.

№1 корпуста ошол учурда 72 бейтап дарыланып жаткан, бирок 64 гана керебет болгон. Натыйжада калгандары полдо уктоого аргасыз болушкан.

Алты аял эмеректери жок, бир чака гана коюлган бош бөлмөгө камалып, абдан сасык, антисанитардык шартта жашаган. Кызматкерлердин айтымында, бул бөлмө психикалык жактан артта калган адамдарды убактылуу жайгаштыруу үчүн «изоляциялык бөлүм» катары колдонулган.

Бөлмөдөгү температуранын төмөндүгүнө карабастан, аялдар жарым-жартылай кийимсиз жана бут кийимсиз болушкан, бул алардын аялуу абалын ого бетер курчуткан.

Бул боюнча аталган борбордун кызматкерлери оорукананын кызматкерлерине карата адамга ылайык келбеген мамиле жасоо боюнча акт түзүштү.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button