Коом
Эл аралык «Аалам сулуусу» сынагына Кыргызстандан Майя Турдалиева катышат

Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды. Турдалиева сынакка кие турган костюмунун сүрөтүн да жарыялады. Анда авторлор ак илбирсти чагылдырган кийим аркылуу калктын биримдигин, маданиятын көрсөтүүнү көздөшкөн.
Сынак 16-ноябрда Мексикада өтөт. Учурда кыргызстандык бийкеч аталган өлкөдө башка катышуучулар менен чогуу даярданууда.
Айта кетсек, 2023-жылы «Кыргызстан сулуусу» сынагын үч бийкеч жеңип алган. Анын бири Майя Турдалиева ошондо эл аралык «Аалам сулуусу» сынагына катышуу укугун алган.



