Коом

Нурланбек Шакиев фамилиясын өзгөртүп, эми Тургунбек уулу болгонун айтты

Бул анын “көптөн берки кыялы” экенин айтты. 

“Чындыгында, аты-жөнүн өзгөртүү ар бир адамдын жеке чечими. Депутаттар Мирлан Самыйкожо жана Аманкан Кенжебаев болуп бирге демилгелеген мыйзам долбоорубузда аты-жөндү улуттук өзгөчөлүгүбүзгө ылайык жазууну сунуштаган бир нече варианттар берилген. Алардын ичинен тандап, мен Шакиев деген фамилиямды Тургунбек уулу деп өзгөртүүнү туура көрдүм”, — деди төрага. 

Фамилия алууда кеңири тандоо укугун берген мыйзам долбоору ЖКнын биринчи окуусунда жактырылган. Документте фамилия алууда төмөнкүдөй варианттар сунушталат: Мисалы, Бакытбеков Үсөн Жакшылыкович болсо 

1.  Бакытбек Үсөн же Бакытбек Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)

2.  Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылык уулу (кааласа)

3.  Бакытбектеги Үсөн же Бакытбектеги Үсөн Жакшылыктын (кааласа)

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button