Коом

Торугартта катуу бороон жүк ташуучу унаанын чиркегичин кулатты

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол жакшы көрүнбөй, катуу бороон болууда. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдирди.

Аймакты караган № 957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери атайын техникалардын жардамы менен тазалоо иштерин тынымсыз аткарып жатышат. Каттам бар.

Катуу шамалдын кесепетинен айрым оор жүк ташуучу унаалардын бош чиркегичтери оодарылып, каттам үчүн кыйынчылык жаратууда.

Министрлик алыс жолго сапар алган айдоочуларды аба ырайынын шартын эске алып чыгууга жана жол эрежесин так сактоого чакырат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button