Дүйнө

Рим папасы Францискти жерге берүү аземи 26-апрелде өтөт

Рим папасы Францисктин тажыясы 26-апрелде өтөрү белгилүү болду. Жөрөлгө жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дө Ватикандагы Ыйык Пётр чиркөөсүндө башталат. Бул тууралуу Ватикандын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин понтификти акыркы сапарга узатуу зыйнатын уюштуруу боюнча Ватиканда кардиналдардын жыйыны өткөнү кабарланган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, тажыяга АКШ президенти Дональд Трамп, Аргентина президенти Хавьер Милей жана Украинанын президенти Владимир Зеленский катышат.

Францисктин руханий керээзи боюнча, анын сөөгү Римдеги Санта-Мария-Мажоре базиликасынакоюлат. Мурунку папалардын баары Ыйык Пётр базиликасына коюлган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button