Коом

20 жылдан бери иштебей турган. Ошто Кең-Сай сугат суу станциясы ишке берилет

Ош шаарынын четиндеги 20 жылдан ашуун убакыттан бери иштебей турган Кең-Сай суу насостук станциясы күз айларында ишке кирүүгө даярданууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул станция Кең-Сай массивиндеги 800 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуу максатында курулган.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бул аймакты толук өздөштүрүү үчүн адистер менен биргеликте техникалык жыйын өткөрүп, станцияны оңдоп-түзөө иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал эми бул иштердин натыйжасында, станция сентябрь айынын аягына чейин пайдаланууга берилмекчи.

Кең-Сай массивинен 15 жыл мурун Ош шаарынын үч миңден ашуун тургунуна жер бөлүнгөн. Эми станция ишке кирсе, бул жер тилкелери натыйжалуу пайдаланылып, тургундардын жашоо-шартын жакшыртат деп күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button