Коом

Ош шаарындагы Алишер Навои сейил багындагы аттракциондон бир кыз кулап, каза тапты

Оштогу Алишер Навои сейил багында аттракциондон кыз кулап, каза болду. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери билдирди.

Бул окуя кечээ, 21-сентябрда болгон. Бөлүмдүн маалыматына караганда, тез жардам кызматына аттракциондон жаш кыз кулап кетип, ооруканага жетпей каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Каза болгон жаран Кара-Суу районунун 2007-жылы туулган.

Азыркы убакта милиция окуянын чоо-жайын иликтеп жатат.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарындагы Панфилов атындагы сейил багында аттракциондон кыз кулап кетип, ооруканага түшкөн. Окуя 2025-жылдын 31-мартында болгон.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button