Коом

Кыргызстан бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына 3000 сомдон төлөйт

Кыргызстанда бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына ай сайын берилүүчү жөлөкпулду киргизүүнү караган, мыйзамды ишке ашыруу боюнча токтомго министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев кол койду.

Маалымат боюнча, документ үч жашка чейинки балдары бар жана бийик тоолуу аймактарда, ошондой эле өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарында жайгашкан конуштарда жашаган жарандарга (үй-бүлөлөргө) кошумча мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында иштелип чыккан.

Үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып алар үч жашка чыкканга чейин «Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк» ай сайын берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү 3 миң сом өлчөмүндө белгиленет.

Каржы министрлигине жөлөкпулдарды өз убагында төлөө үчүн белгиленген тартипте республикалык бюджеттен каражат бөлүү тапшырылды.

Ал эми Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүүсү белгиленди.

Бул токтом 2026-жылдын 1-январь айынан тартып күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button