Дүйнө

Луврдагы уурулук: Дагы беш шектүү адам камакка алынды

ЖМКлардын маалыматы боюнча, Париж полициясы Луврдагы уурулук боюнча дагы беш шектүү адамды камакка алды.

Париж прокурору Лор Беко билдиргендей, камакка алуулар 29-октябрь күнү кечинде Париждин ар кайсы райондорунда жана Франциянын борборунун сыртындагы Сена-Сен-Дене департаментинде бир убакта болгон. Бирок, ал музейден уурдалган, болжол менен 102 миллион долларлык зер буюмдар азырынча табыла электигин айтты.

Луврдагы уурулук боюнча эки шектүү мурда камакка алынган. Бири 25-октябрь күнү кечинде Алжирге учууга даярданып жатканда Шарль де Голль аэропортунда кармалган; экинчиси Париждин жанындагы Сена-Сен-Дене департаментинде кармалган.

Луврдагы уурулук 19-октябрда болгон. Жумушчулардын кийимин кийген кылмышкерлер Наполеон менен императрица Жозефинанын коллекциясынан падышалык зер буюмдарын, анын ичинде шуру, брошка жана диадеманы уурдап кетишкен. Ошондой эле, талап-тоноодон кийин музей имаратынын жанынан Наполеон IIIнүн аялы императрица Евгенийге таандык сынган таажы табылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button