Коом

Бүгүн Борбор калаада Кыргызстан менен Гуамдын футболчулары арасында беттеш өтөт

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы бүгүн, 26- ноябрда Азия кубогунун (U-17) тандоо турундагы кезектеги беттешин өткөрөт.

Кыргызстандыктар тандоо турунун үчүнчү оюнунда Гуамдын курама командасы менен күч сынашат. Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт, башталышы саат 19:00.

Кыргызстан курамасы буга чейин Йеменден (0:2) жана Пакистандан (1:3) утулуп калган. Андан кийин Кыргыз футбол биримдиги команданын австриялык машыктыруучусу Александр Бауэрди кызматтан кетирген. Гуамга каршы беттешке команданы Анарбек Ормомбеков даярдайт. Гуам курамасы да эки оюнда жалпы 0:18 эсебинде жеңилген.

3-турдун беттештеринин жүгүртмөсү:

15:00 Йемен — Камбоджа, «Достук Арена», Беш-Күнгөй

15:00 Пакистан — Лаос, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

19:00 Гуам — Кыргызстан, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион

Эки турдун жыйынтыгы боюнча турнирдик жадыбал

Тектеш кабарлар

Back to top button