Коом

«Оливье» салаты айрым адамдар үчүн өзгөчө кооптуу болушу мүмкүн

Салтка айланган «Оливье» салаты айрым адамдар үчүн өзгөчө кооптуу болушу мүмкүн. Бул тууралуу гастроэнтеролог Али Альмасри эскертти. Ал кайсы адамдар бул жаңы жылдык тамакты менюдан толук алып салышы же анын рецептин олуттуу өзгөртүшү керек экенин UfaTime.ru басылмасына айтып берди.

Адистин айтымында, салмактыгы орто эсеп менен 200 грамм болгон «Оливьенин» стандарттуу порциясында болжол менен 500 килокалория, 9–10 грамм каныккан май жана суткалык туз нормасынын дээрлик жарымы бар. Мындай курам гипертониясы жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдарда тамактан кийин эки-үч сааттын ичинде эле кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн.

Дарыгердин айтымында, кайра иштетилген колбасанын курамындагы натрий менен фосфаттар бөйрөккө кошумча күч келтирет. Бул өзгөчө бөйрөктүн өнөкөт оорулары бар адамдар үчүн кооптуу. Ал эми майонез жана колбасадагы каныккан майлар боордун майлануу оорусу жана холецистит менен жабыркагандарга зыяндуу.

Мындан тышкары, кант диабети жана метаболизмдик синдром менен ооруган адамдар үчүн салаттын курамындагы бышырылган сабиз менен картошканын гликемиялык индекси жогору экени коркунуч жаратат. Майонездеги майлар кандагы канттын деңгээлин узак убакытка чейин жогору сактап турушу мүмкүн. Ал эми аллергиясы бар адамдар үчүн салаттагы жумуртка менен буурчак терс таасир тийгизиши ыктымал.

Салатты коопсузураак жана азыраак калориялуу кылуу үчүн Али Альмасри колбасанын ордуна бышырылган индейканын этин колдонууга, майонезди грек йогурту менен алмаштырууга, тузду азайтууга жана картошканы алып салууга же башка ингредиент менен алмаштырууга кеңеш берди.

Тектеш кабарлар

Back to top button