Садыр Жапаров: Коррупцияга каршы чечкиндүү жана туруктуу күрөш жүрүүдө

Өлкөдө коррупцияга, уюшкан кылмыштуулукка жана өлкө ичинен кемирип жеп келген бардык терс көрүнүштөргө каршы чечкиндүү жана туруктуу күрөш жүрүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров IV Элдик курултайда айтты.
Мамлекет башчысы белгилегендей, коррупция – бул мамлекеттик башкаруу институтун бузган, элдин ишенимин кыйраткан, экономиканы артта тарткан мите. Мындан улам бул илдетти түп-тамырынан бери жоюу милдети коюлган.
“Башталган туруктуу коррупцияга каршы реформаларды бул күрөштү толук жыйынтыкка жеткенге чейин тынымсыз уланта беребиз. Уурдасаң камаласың, мамлекеттин жана элдин байлыгын талап-тоносоң, ичип-жесең камаласың, пара берсең да, пара берсең да камаласың! Мыйзам баарына бирдей болушу керек”, — деди өлкө башчысы.
Эске салсак, бүгүн Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында IV Элдик курултай өтүүдө. Ага 690 делегат катышууда. Курултай эки кунгө созулат.



