Окуялар

Бишкекте 17 адам шаурма жеп ууланды

Бишкекте шаурма жеп ууланган 17 адам ооруканага жаткырылды, алардын төртөө балдар. Бул тууралуу Республикалык инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Бейтаптар «Даамдуу» тез тамактануучу жайынан шаурма жешкен.

Аалиев уулангандар түштөн кийин кайрылып баштаганын, кечинде алардын саны өскөнүн билдирди.

«Абалдары ар кандай, айрымдары көп суюктук жоготкон. Оор абалдагылар жок», — деди ал.

Дарыгер тиешелүү материалдар жана анализдер изилдөөгө жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Ал эми оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкек шаарында катталган массалык тамак-аштан уулануу фактысы боюнча маалымат беришип, жабыркагандарда уулануунун алгачкы белгилери 15-январда күндүн ар кайсы мезгилинде байкалганын айтышты.

Жабыркагандар Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына медициналык жардам алуу үчүн кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөөлөр үчүн клиникалык материалдар алынган.

Эпидемиологиялык анамнездин маалыматтарына ылайык, жабыркагандардын бардыгы шаурма жешкен.

Адистер шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан коомдук тамактануу объектисинде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүштү. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн курамдык ингредиенттерден үлгүлөр, ашкана жабдууларын жууган каражаттар ошондой эле даяр продукциянын калдыктары алынды. Кафенин кызматкерлери ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарын алып жүрүүчүлүккө текшерүүдөн өткөрүлдү.

Укук бузуулар боюнча үч протокол түзүлдү. Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 80-беренеси, 214-беренесинин 1-бөлүгү жана 214-беренесинин 5-бөлүгү боюнча жалпы суммасы 41 миң сомду түзгөн үч айып пул салуу тууралуу токтом чыгарылды.

Объекттин жетекчисине 15-январдан тартып фастфуд түйүнүн жабуу тууралуу санитардык көрсөтмө берилди, павильон жабылды.

Эске салсак, «Даамдуу» тез татым жайынан былтыр дагы шаурмадан 24 киши ууланган болчу.

Тектеш кабарлар

Back to top button