Коом
22-январга карата аба ырайы

Бүгүн республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда -3…+2,
Таласта -2…+3,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4,
Ысык-Көл жергесинде 0…5,
Нарын өрөөнүндө -2…-7 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…2,
Ош шаарында 1…3 градусту көрсөтөт.



