SpaceX компаниясы жакынкы ондогон жылдарда Айда жана Марста шаарларды курат

Америкалык ишкер Илон Маск SpaceX компаниясы жакынкы ондогон жылдарда Айда жана Марста шаарларды курат деп билдирди. Алгач Жердин жандоочуна — Айга басым жасаларын белгиледи.
«Билбегендер үчүн айта кетейин, SpaceX буга чейин өзүн-өзү өнүктүрө ала турган шаарды Айда курууга багыт алды. Биз буга он жылга жетпеген убакытта жетише алабыз… Ошондой эле SpaceX Марста шаар курууну максат кылып, ага болжол менен беш-жети жылдан кийин киришет», — деп жазды Маск X социалдык тармагында.
Масктын айтымында, Марска учуулар Күн системасындагы планеталар ыңгайлуу абалда жайгашкан учурларда гана мүмкүн болот — мындай шарт ар 26 айда бир кайталанат. Учуу өзү болжол менен алты айга созулат. Ал эми Айга ракеталарды ар он күндө бир учурса болот жана жол эки күнгө гана созулат. Бул Айда шаарды тезирээк курууга мүмкүнчүлүк берет.
Масктын баалоосу боюнча, Марста шаар куруу үчүн 20 жылдан ашык убакыт талап кылынат.
Белгилей кетсек, SpaceX — америкалык космостук техника өндүрүүчү компания. Ал 2002-жылы Илон Маск тарабынан негизделген.



