Коом

УКМК кызматкерлерине 200грамм алтын куймасын пара катары берүүгө аракет жасаган жаран кармалды

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

2026-жылдын 23-февралында  УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында оң чечим кабыл алуу үчүн УКМК кызматкерине жалпы салмагы 200 грамм болгон 2 алтын куймасын пара катары берүү учурунда 1978-жылдын 2-майында туулган Д.Р.Е. аттуу жаран кармалды.

Азыркы учурда Д.Р.Е.  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

Тектеш кабарлар

Back to top button