Сузакта алты үй-бүлө соттун чечими менен мажбурлап көчүрүлөт

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жаратылыш кырсыктарына кооптуу аймактарда жашаган алты үй-бүлө соттун чечими менен мажбурлап көчүрүлөт. Бул тууралуу аймактык Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул чечим аргасыздан кабыл алынган. Анткени ар бир жаз мезгили келген сайын аталган аймактарда жер көчкү жана таш кулоо коркунучу күчөйт. Ошондуктан тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында мындай чара көрүлүүдө.
Жалпысынан дээрлик 700 үй-бүлө көчүрүүгө жатат. Анын ичинен 648 турак жай ээсине көчүү зарылдыгы тууралуу эскертме берилген. Коопсуздук чараларын аткарбай жаткан жүздөн ашуун үй-бүлөгө расмий көрсөтмө берилип, алардын иши сотко өткөрүлгөн.
Айыл тургундары менен түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү улантылууда.



