Коом

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин коррупция боюнча козголгон кылмыш иши кайра каралып жатат

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2023-жылдын 10-майында Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Достук айыл аймагынын №1352–1354 контурларында жайгашкан жарандардын турак үйлөрүн жер мунапысынын объектилери деп таануу жөнүндө Аламүдүн райондук жер мунапысы боюнча комиссиясы мыйзам талаптарын одоно бузуу менен чечим кабыл алганы аныкталган.

Атап айтканда, тиешелүү чечимдер 2023-жылдын май жана август айларынын аралыгында бир катар жарандарга байланыштуу чыгарылган.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылы көрсөтүлгөн кызматты ээлеп турган жер мунапысы боюнча райондук комиссиянын төрагасы О.Т., Аламүдүн районунун мурдагы акими Н.К., ошондой эле жаран Н.С. мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси болушу мүмкүн экендиги аныкталган.

2026-жылдын 3-мартында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында жогоруда аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кармалгандарга карата, ошондой эле башка кызмат адамдарынын ушуга окшош кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо максатында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө жана алардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү текшерүү дайындалды.

Тергөө улантылууда.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button