Коом

УКМК 19 диний билим берүү мекемесинде текшерүү иштерин жүргүздү. ВИДЕО

УКМК тарабынан салттуу эмес диний агымдар идеяларынын жайылышына, диний-экстремисттик жана башка радикалдык уюмдардын мүчөлөрүнүн жашы жете электердин арасында азгыруу иш-аракеттерине, мыйзамдык жана этикалык стандарттарды, ошондой эле санитардык-гигиеналык нормаларды сактабоого жол бербөө максатында 19 диний билим берүү мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Натыйжада, зарыл болгон уруксат документтеринин жоктугунан улам 3 медресе жабылып, аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери башталган.

Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди одоно бузгандыгы үчүн эки медресеге айып пул салынып, убактылуу ишмердүүлүгү токтотулган, ал эми төрт медресеге майда кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген. Айрым медреселердеги диний адабияттар талап кылынган текшерүүдөн өтпөй калгандыктан, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына карап чыгууга жана бекитүүгө жөнөтүлгөн.

Окуучулардын арасында ата-энеси жок балдар, ошондой эле мигранттардын балдары бар экендиги аныкталып, бул тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берилди.
КР УКМК диний окуу жайлар тарабынан мыйзам талаптарын жана санитардык-гигиеналык нормаларды так сактоо зарылдыгын эскертет. Бул иш-чаралар мындан ары да системалуу негизде жүргүзүлөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button