Саясат

Президент Россия Федерациясына болгон иш сапарында айтылган божомолдорду четке какты

Президент Садыр Жапаров жакында Россия Федерациясына болгон иш сапары тууралуу Kaktus.media басылмасына берген маегинде комментарий берип, бул сапар санкциялар же калктуу конуштардын аттарын өзгөртүү маселелери менен байланыштуу деген божомолдорду четке какты. Ал өлкөнүн суверенитети президентти сырттан кимдир бирөө чакыра албай турганын белгилеп, Москвага баруу демилгеси толугу менен өзүнөн чыкканын айтты.

Анын айтымында, чечим Астана шаарындагы экологиялык саммитке катышкандан кийин кабыл алынган. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, бир катар маселелерди ыкчам чечүү максатында жолугушуу уюштурулган. Владимир Путин бул сунушту дароо колдогон.

Сапардын биринчи күнү эки өлкөнүн лидерлери кыргыз-орус мамилелеринин кеңири спектрин эки сааттан ашык талкуулашып, айрым маселелерди тереңирээк иштеп чыгуу үчүн тиешелүү министрлерди шашылыш чакырышкан.

Экинчи күнү кеңейтилген курамдагы жолугушуу өтүп, анын жыйынтыгында бардык негизги маселелер боюнча макулдашууга жетишилди. Садыр Жапаров Владимир Путинге акыркы беш жыл ичинде бардык багыттар боюнча үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүп келгени үчүн ыраазычылык билдирип, дал ушундай мамиле Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдей турганын белгиледи.

Эске салсак, Садыр Жапаров 23-апрелде Россия Федерациясына иш сапары менен барып, Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бул сапар тууралуу маалымат ЖМКларга акыркы учурда гана — Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аркылуу белгилүү болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button