Коом

Кыргызстанда 1-майдан тарта электр энергиясынын баасы кымбаттайт

2026-жылдын 1-майынан тартып Кыргызстанда электр энергиясына жаңы тарифтер күчүнө кирет. Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө.

Өзүнчө шарттар Токтогул районунун тургундары жана Жазы-Кечүү айылы үчүн каралган. Алар үчүн керектелген электр энергиясынын бир бөлүгү Токтогул ГЭСинин курулушунан келтирилген зыяндын ордун толтуруу тууралуу мыйзамга ылайык өздүк нарк боюнча төлөнөт.

Министрликтин маалыматына караганда, тарифтерди оңдоо энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылууга жана электр энергиясынын баасын акырындык менен теңдөөгө багытталган.

Тарифтер салыктарды эсепке албастан көрсөтүлгөн.

Тектеш кабарлар

Кийинкини кара
Close
Back to top button