Дүйнө

ДССУ: Хантавирустун кеңири масштабдуу жайылышынын белгилери каттала элек

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Аданом Гебрейесус жакынкы апталарда Андес хантавирусун жуктургандардын саны көбөйүшү мүмкүн экенин билдирди. Бирок ал азырынча вирустун кеңири масштабдагы эпидемиясынын белгилери байкалбаганын айтты. Бул тууралуу BBC кабарлады.

«Вирустун инкубациялык мөөнөтү узак болгондуктан, жакынкы апталарда жуктургандардын саны көбөйүшү толук мүмкүн», — деди ДССУ башчысы Педро Санчес менен жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында.

Апрель айында 147 адам болгон MV Hondius лайнеринде хантавирус чыккан. Натыйжада Нидерланддык жубайлар жана Германиянын бир жараны каза тапкан. Кеме Испанияга багыт алып, жүргүнчүлөр ошол жактан эвакуацияланган.

Өткөн жумада Швейцария өлкөсүндө хантавирустун кооптуу түрү аныкталган. Ошондой эле биринчи жуктуруу учуру Израил мамлекетинде катталган.

Тектеш кабарлар

Back to top button