Дарыгер бат уктоого жардам берген ыкма сунуштады

Жалпы практикалык дарыгер Амир Хандын айтымында, ар бир үчүнчү адам жашоосунда жок дегенде бир жолу уйку көйгөйүнө кабылат. Жумуш, акча же күнүмдүк турмуштагы түйшүктөр тууралуу ойлор мээде айланып турса, адамдын мээси эс алууга даяр болбой, активдүү абалда кала берет.
Дарыгер мындай учурда «когнитивдик аралаштыруу» деп аталган ыкманы колдонууга кеңеш берет. Анын маңызы — бейтарап сөздү тандап алып, ошол сөздүн ар бир тамгасына ылайык башка сөздөрдү эстөө жана аларды элестетүү.
Адистин айтымында, бул ыкма тынчсыздандырган ойлордон алаксытып, мээни акырындап уйкуга даярдайт. Эгер бир сөз менен уктап калуу мүмкүн болбосо, башка сөздү тандап, көнүгүүнү кайрадан кайталоого болот.
Ошондой эле дарыгер уйкунун бузулушу узак убакытка созулса же олуттуу көйгөй жаратса, сөзсүз түрдө адиске кайрылуу керектигин белгиледи.



