Саясат
Садыр Жапаров Ысык-Көлдү торлордон тазалоо иштерин көрсөттү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү браконьердик торлордон жана суу алдындагы таштандылардан тазалоо иштеринин видеосун жарыялады.
Мамлекет башчысынын маалыматына ылайык, бүгүн ӨКМдин суучулдар кызматынын кызматкерлери Алтын-Кум пляжы аймагында иш алып барышты. Көлдүн түбүнөн балык уулоочу торлор жана ар кандай таштандылар чыгарылууда.
Президенттин айтымында, мындай иштер күн сайын жүргүзүлөт. Жарыяланган кадрларда көлдүн экосистемасына жана анын тирүү жаратылышына коркунуч жараткан браконьердик торлордун суудан чыгарылганы көрсөтүлгөн.
Ысык-Көлдү тазалоо иштери көлдүн экологиялык абалын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөшүү максатында жүргүзүлүүдө.



