Окуялар

Чаткалда сел жүрүп жети көпүрөгө зыян келтирип, жолдорду жууп кетти

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам жүргөн селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Такталган маалыматка ылайык, Терек-Сай айыл аймагына караштуу Биримдик айылында сел суулары эки турак үйдүн жер төлөлөрүн каптаган. Ал эми Мончок-Дөбө айылында эки автоунаа көпүрөсү жабыркап, Сумсар айылында 300 метр ички чарбалык жолду сел жууп кеткен.

Мындан тышкары, Сумсар айылында төрт автоунаа көпүрөсү жана бир жөө адамдар өтүүчү көпүрө пайдаланууга жараксыз абалга келген. Айыл тургундары үчүн айланып өтүүчү жол уюштурулду.

Мазар-Сай тилкесинде сел эки электр мамысын кулатып кеткендиктен, Сумсар жана Биримдик айылдары убактылуу электр жарыгысыз калган.

Куткаруучулар жана атайын техникалардын жардамы менен үч турак үйдүн жер төлөлөрү жана бир үйдүн короосу сел калдыктарынан тазаланды. Ошондой эле жол кызматкерлери Сумсар — Шекафтар унаа жолун жарым-жартылай тазалап, бир багытта каттамды калыбына келтиришти.

Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү, жолдорду тазалоо жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери уланууда. Бузулган электр берүү линияларын калыбына келтирүү иштерин Ала-Бука райондук электр тармактары ишканасы жүргүзүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button