Кыргызстанда фитосанитардык сертификаттарды электрондук форматта берүү пландалууда

2027-жылдан баштап Кыргызстанда фитосанитардык сертификаттарды электрондук форматта берүү пландалууда. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүктөрдүн тышкы карантини бөлүмүнүн башкы адиси Райла Кабылова билдирди.
Анын айтымында, учурда тиешелүү система иштелип чыгууда.
«Электрондук сертификаттардын артыкчылыгы — алар аркылуу маалымат жүк жөнөтүлө турган өлкөгө алдын ала жетет. Ошондой эле товар сертификатта көрсөтүлгөн дарекке жеткен-жетпегенин көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт», — деди Райла Кабылова.
Ал белгилегендей, Кыргызстанга импорттолгон бардык өсүмдүк тектүү продукциялар фитосанитардык көзөмөл пункттарынан өтөт. Ар бир жүк экспорттоочу өлкө тарабынан берилген фитосанитардык сертификат менен коштолууга тийиш.
Сертификаттагы маалыматтар товардык жана транспорттук документтердеги маалыматтарга дал келбесе, маркировкасы жок болсо, документ туура эмес толтурулса же жасалма болуп чыкса, жүк кайра артка кайтарылат.
Мындан тышкары, карантиндик зыянкечтер, өсүмдүк ооруларынын козгогучтары же отоо чөптөрдүн уруктары аныкталган учурда фитосанитардык сертификат берилбейт. Мындай учурларда мүмкүнчүлүк болсо жүк атайын фитосанитардык тазалоодон өткөрүлөт.



