Коом
15-июнга карата аба ырайы

Дүйшөмбү күнү өлкөнүн кээ бир аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33…+38,
Таласта +29…+34,
Ысык-Көл менен Нарын регионунда +24…+29 градуска жетет.
Бишкекте +35…+37 градуска жетет.



