Саясат

Акаев: Айтматов айткандай, адам мекенинде көз жумушу керек

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууда.

Ал журналисттердин Кыргызстанга кайра көчүп келүү мүмкүнчүлүгү тууралуу суроосуна жооп берип жатып, ал мындай сунушту кароого даяр экенин билдирди.

«Эгер мени чакырсаңар, албетте. Чыңгыз Айтматов айткандай, адам мекенинде көз жумушу керек», — деди мурдагы президент.

Эске салсак, Аскар Акаев 2005-жылдын 24-мартында болгон март окуяларынын учурунда өлкөдөн чыгып кеткен. Ошол эле жылдын 3-апрелинде ал расмий түрдө президенттик кызматтан кеткенин жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Back to top button