Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы офицердик «лейтенант» аскердик наамы тапшырылды

Бишкек шаарындагы Усубалиев атындагы аянтта Аскер институтун аяктаган бүтүрүүчүлөргө диплом жана алгачкы офицердик «лейтенант» аскердик наамы тапшырылды. Бул тууралуу коргоо министрлиги билдирди.
Быйыл Аскер институтун 7 курсант артыкчылык диплому менен аяктап, алардын үчөө президенттин стипендиясына татыктуу болушкан.
Наам тапшыруу аземи салтанататтуу өтүп, ага Коргоо министринин биринчи орун басары Талайбек Шаршеев, Бишкек шаарынын мэри, Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ошондой эле жаш лейтенанттардын ата-энелери менен жакындары катышты.
Иш-чара бүтүрүүчүлөрдүн «Офицердик вальс» бийи менен коштолду.Ага удаа эле соцтармакка бүтүрүүчү жигиттердин айрымдары кыздардын колун сураган видео тарады. Алардын баары «макул» деген жооп алышкан.



