Саламаттык сактоо министрлиги селден жабыркаган аймактардагы абалга көз салууда

Саламаттык сактоо министрлиги 19–21-июндагы селден жабыркаган Баткен, Ош жана Талас облустарындагы санитардык-эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.
Министрликтин маалыматына ылайык, санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүп, аймактарды дезинфекциялоодо жана ичүүчү суунун сапатын лабораториялык көзөмөлдөн өткөрүүдө.
Ош облусундагы жабыркаган калктуу конуштарда үймө-үй кыдыруу жүргүзүлүп, тургундар арасында сурамжылоо өткөрүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында эпидемиологиялык абалдын начарлашынын белгилери жана жугуштуу оорулардын учурлары аныкталган жок. Ичүүчү суунун үлгүлөрү лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.
Баткен жана Талас облустарында санитардык кызматтар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте калктуу конуштардын, социалдык объектилердин жана суу менен камсыздоо булактарынын абалын көзөмөлдөөнү улантууда.
Саламаттык сактоо министрлиги 21-июнга карата селден жабыркаган райондордогу санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу бойдон калганын белгиледи. Жапырт жугуштуу оорулар жана эпидемиялык очоктор катталган жок.



