Коом
Кочкор менен Токмокту байланыштырган жол куруу долбоору каралууда

Кыргызстанда Кочкор менен Токмоктун ортосуна жаңы автожол куруу долбоору каралып жатат. Жол Шамшы капчыгайы аркылуу өтүп, эки калктуу конуштун ортосундагы аралыкты дээрлик эки эсеге кыскартмакчы.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө белгилүү болду.
Азыркы учурда Кочкордон Токмокко чейинки аралык болжол менен 125 чакырымды түзөт. Жаңы жол курулса, бул аралык 55–60 чакырымга чейин кыскарат.
Долбоор инвесторлорго сунушталууда. Жаңы трассаны акы төлөнүүчү жол катары пайдалануу мүмкүнчүлүгү да каралып жатат.
Мындан тышкары, келечекте бул жолдун бою менен Чүй облусунан Нарын облусуна чейин газ түтүгүн тартуу мүмкүнчүлүгү да бар.



