Пайдалуу кеңештер

Гаджеттер балдардын толуп кетүүсүнө шарт түзөт

Балдардын семирүүсүнүн негизги себептеринин бири — гаджеттердин кеңири колдонулушу. Бул тууралуу биохимик жана тамактануу боюнча консультант Алена Бергер билдирген.

Анын айтымында, азыркы учурда балдар мурдагыга салыштырмалуу аз кыймылдашат, көп убакытты үйдө отуруп телефон, планшет сыяктуу гаджеттер менен өткөрүшөт жана теңтуштары менен да аз баарлашышат. Дал ушул кыймылдын жетишсиздиги балдардын семирүүсүнүн негизги себептеринин бири болуп эсептелет.

Бергер ошондой эле көпчүлүк адамдар ашыкча салмак маселесинин олуттуулугун толук түшүнбөй турганын белгилеген.Анын сөзү менен айтканда:

«Маалыматы бар адам — куралданган адам. Бул тема боюнча билими аз. Майыптыгы бар балдар жана өнөкөт ооруларга ыктаган башка топтордо семирүү көп кездешет. Адамдар семирүү 2-типтеги кант диабетинин пайда болуу коркунучу менен түз байланышта экенин түшүнүшү керек», — деп эскерткен ал.

Тектеш кабарлар

Back to top button