Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөө боюнча тарыхый рекорд катталды

2026-жылдын 29-июнунда Кыргызстанда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетип, байкоо жүргүзүлө баштагандан берки жай мезгилиндеги эң жогорку көрсөткүч катталды.
«Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматына ылайык, салыштыруу үчүн 2025-жылдын 29-июнунда суткалык керектөө болжол менен 40 миллион киловатт-саатты түзгөн.
Компания жүктөмдүн өсүшүн көп кабаттуу турак үйлөрдүн, социалдык жана өнөр жай объектилеринин активдүү курулушу жана пайдаланууга берилиши, ошондой эле электр энергиясын керектөөчүлөрдүн санынын жыл сайын орточо 30 миң абонентке көбөйүшү менен түшүндүрдү.
Учурда өлкөнүн энергетикалык системасы кадимки режимде иштеп жатат. НЭТК жогорку жүктөм шартында электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын билдирди.
Энергетиктер жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга, колдонулбай турган тиричилик шаймандарын өз убагында өчүрүүгө жана электрди сарамжалдуу колдонууга чакырышты.
Белгилей кетсек, кыш мезгилинде энергетикалык системага түшкөн жүк мындан да жогору болот. Мисалы, 2024-жылдын декабрь айында суткалык электр энергиясын керектөө дээрлик 79 миллион киловатт-саатка жеткен.



