Коом

Кыргызстанга келген чет өлкөлүк инвестициялар 34 пайызга өстү

2026-жылдын I чейрегинде түз чет өлкөлүк инвестициялардын (ТЧӨИ) агымы 2025-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 34 %га өсүп, 386,7 млн АКШ долларын түздү (2025-жылдын январь–март айларында ТЧӨИнин агымы 288,2 млн АКШ долларын түзгөн).

ТЧӨИнин эң чоң көлөмү финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу секторуна туура келип, 93,6 млн АКШ долларын түздү. Андан кийин кайра иштетүү өнөр жайынын сектору орун алып, болжол менен 90,1 млн АКШ доллар өлчөмүндө инвестиция тартылган.

Белгилей кетсек, өсүш негизинен дүң жана чекене соода секторунун эсебинен камсыз болгон. Бул секторго тартылган ТЧӨИнин көлөмү 64,5 млн АКШ долларын түзүп, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 137 %га көбөйдү.

Маалымат жана байланыш секторуна тартылган ТЧӨИнин көлөмү 75 %га өсүп, 46,9 млн АКШ долларын түздү.ТЧӨИнин эң жогорку өсүшү кесиптик, илимий жана техникалык ишмердүүлүк секторунда байкалды. 2026-жылдын I чейрегинде бул секторго тартылган ТЧӨИнин көлөмү 49,5 млн АКШ долларына жетип, 2025-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 26 эсеге көбөйдү (2025-жылдын I чейрегинде бул секторго тартылган ТЧӨИ 1,8 млн АКШ долларын түзгөн).

2026-жылдын I чейрегинде ТЧӨИнин жалпы көлөмүнүн 30 %ы Бишкек шаарына туура келип, инвестициялардын көлөмү 115,8 млн АКШ долларын түздү.

Талас облусуна 80,3 млн АКШ доллары инвестиция тартылып, бул жалпы көлөмдүн 20,7 %ын түздү.

Нарын облусуна тартылган инвестициялардын көлөмү 69,7 млн АКШ долларын, ал эми Чүй облусуна 68,6 млн АКШ долларын түздү.

Андан кийинки орунда Жалал-Абад облусу болуп, ага тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 43,3 млн АКШ долларын түздү. №СекторТЧӨИнин көлөмү (млн АКШ долл.)

1Пайдалуу кендерди казып алуу10,22

Саламаттык сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө7,43

Мейманканалардын жана ресторандардын ишмердүүлүгү6,34

Кыймылсыз мүлк менен операциялар6,15

Транспорт ишмердүүлүгү жана жүктөрдү сактоо5,46

Административдик жана көмөкчү ишмердүүлүк3,17

Курулуш2,58

Суу менен камсыздоо, тазалоо, калдыктарды кайра иштетүү жана экинчилик чийки затты алуу0,29

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык чарбасы0,110

Билим берүү0,111

Электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо0,041

2Башка тейлөө ишмердүүлүгү0,0113

Искусство, көңүл ачуу жана эс алуу0,01

Тектеш кабарлар

Back to top button