Спорт
Бразилия курама командасы Норвегия командасына утулду

Бразилия футбол боюнча дүйнө чемпионатынан Норвегия командасына утулуп, турнирден чыгып калды.Оюн 5-июлда АКШнын Нью-Джерси штатындагы Ист-Ратерфорд шаарында өттү. 1/8 финалдык беттеште Норвегия 2:1 эсебинде жеңишке жетти.
Чейрек финалда Норвегия командасы Мексика менен Англиянын ортосундагы беттештин жеңүүчүсү менен ойнойт. Бул командалар дүйшөмбү түнү Москва убактысы боюнча бири-бири менен беттешет.
Бразилия болсо дүйнө чемпионатында 1/4 финалга чыга албай, 36 жылдан бери биринчи жолу ушул баскычка жетпей калды. Ошондой эле алар 5 жолу чемпион болуп, титулдар саны боюнча рекордчу бойдон калууда.



