Коом
«Манас» аэропортунда эң чоң LED-экран орнотулат

Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортунда узундугу 115 метр болгон LED-экран орнотулат.
«Кыргызстан аэропорттору» ААКнын маалыматына ылайык, бул Кыргызстандагы эң чоң санариптик экран болот.
Жаңы экран аэропорттун имаратына жайгаштырылып, жүргүнчүлөргө маалымат берүү, жарнамалык материалдарды жана башка визуалдык билдирүүлөрдү көрсөтүү үчүн колдонулат.
Анын орнотулушу жүргүнчүлөрдү маалымат менен камсыздоону жакшыртып, аэропорттун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүүгө жардам берет. Экрандан жарнамалар, социалдык роликтер жана каттамдардын расписаниеси көрсөтүлөт.



