Окуялар
Нарында дарыгерге кол салууга шектелген жаран кармалды

Нарын облусунун Жумгал районунда нөөмөттө турган дарыгерге кол салууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-июнда Жумгал райондук Жалпы дарыгерлик практика борборунун тез жардам бөлүмүндө болгон. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жабыркаган дарыгер жеңил жаракат алган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүн сот анын баш коргоо чарасын карайт.



