Окуялар

Ысык-Көлдө түн ичинде чөгүп бара жаткан эркекти милиция кызматкерлери куткарып калышты

Облустук милициянын маалыматына ылайык, окуя 13-июлдан 14-июлга караган түнү Бостери айылындагы көл жээгинде болгон.

Жөө кайгуулда жүргөн милиция кызматкерлери көл тараптан жардам сураган үндү угуп, сууга кирип, чөгүп жаткан адамды жээкке алып чыгышкан. Ал эс-учун жоготкон абалда болгондуктан, ага алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Куткарылган адам Ош облусунун 54 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда анын абалы канааттандырарлык, өмүрүнө коркунуч жок.

Бул эрдикти Жети-Өгүз РИИБинин коомдук коопсуздук кызматынын инспектору, милициянын кенже лейтенанты Ибрагим Жеңишов жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун взвод командири, милициянын лейтенанты Турсунбек Элдияр уулу көрсөтүштү.

Ысык-Көл ОИИБ эс алуучуларды түнкүсүн сууга түшпөөгө, мас абалда көлгө кирбөөгө, коопсуздук чегинен ашпоого жана балдарды көзөмөлсүз калтырбоого чакырды. Өзгөчө кырдаал жаралса, 102 кызматына же жакынкы милиция жана куткаруучуларга кайрылуу сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button