Окуялар
Кыргызстанда түн ичинде 3,5 баллдык жер титирөө катталды

Бүгүн түнкү саат 00:37де Кыргызстанда 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Хауз айылынан түштүк-чыгышты карай 2 чакырым, Муркуттан түндүккө 6 чакырым, Кызыл-Кыядан түндүк-чыгышка 15 чакырым жана Оштон түштүк-батышка 54 чакырым аралыкта жайгашкан.
Силкинүүнүн күчү Хауз айылында 3,5 балл, Кожо-Арык, Найман, Көк-Жар жана Муркут айылдарында 3 балл, Кызыл-Кыя шаарында, Керкидан жана Он-Эки-Бел айылдарында 3 баллга жакын, ал эми Марказ жана Борбаш айылдарында 2,5 балл болгон.



