Коом

Old Bishkek соода комплекси мөөр басылып жабылат

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жер алдындагы өтмөктө жайгашкан Old Bishkek соода комплексин мөөр басып жабууну тапшырды.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, өтмөк техникалык режимде гана ачылганы менен бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө пайдаланууга берилген эмес. Ага карабастан, андагы соода түйүндөрү иштеп келген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында инвестор өз милдеттенмелерин толук аткарып, комплекс расмий пайдаланууга берилгенге чейин бардык соода жайларынын иши токтотулат.Ошол эле учурда жер алдындагы өтмөк жөө жүргүнчүлөр үчүн кадимки тартипте ачык бойдон кала берет.

Тектеш кабарлар

Back to top button