Өлкөдө ысыктан улам электр энергиясын колдонуу рекорд койду

Кыргызстанда абанын кескин ысышына байланыштуу электр энергиясын суткалык керектөө тарыхый эң жогорку чекке жетти. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 19-июлда өлкө боюнча 50 миллион 122 миң кВтсаат электр энергиясы керектелип, жаңы рекорд катталды. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 7 миллион 608 миң кВтсаатка же 18 пайызга көп. 2025-жылдын 19-июлунда суткалык керектөө 42 миллион 514 миң кВтсаатты түзгөн.
Адистер керектөөнүн кескин өсүшүн адаттан тыш ысыктан улам кондиционерлердин абдан көп колдонулушу менен түшүндүрүштү.
«Ашыкча жүктөмдөн улам энергетикалык жабдуулар өз мүмкүнчүлүгүнүн да ашык иштеп жатат. Абанын температурасы +45 градуска чыкканда электр кабелдеринин өткөрүү жөндөмдүүлүгү 25 пайызга чейин төмөндөп, айрым тилкелерде техникалык ченемдерден ашкан чыңалуу катталган. Мындан улам жабдуулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири авариялардын алдын алуу максатында Бишкекте жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр кубатын убактылуу жөнгө салуу чаралары киргизилүүдө», — деп билдирүүдө айтылат.
Энергетиктер белгилегендей, бул чаралар убактылуу жана электр энергиясынын өчүп калышына жол бербөө үчүн жасалууда. Кырдаалды жөнгө салуу жүргүзүлгөн аймактарда электр энергиясы эки сааттан ашык өчүрүлбөйт. Ошондой элеэлден электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууну өтүнүштү.



