Күндөн коргоочу көз айнек көзгө кооптуу болушу мүмкүн

Кара түстөгү күндөн коргоочу көз айнек ультрафиолет нурларынан толук коргойт дегенди билдирбейт. Адистердин айтымында, көз айнекте UV400 белгиси же UVA жана UVB нурларынын 99–100 пайызынан коргойт деген маалымат болушу зарыл.
Офтальмолог Татьяна Шилова күндөн коргоочу көз айнекти ишенимдүү өндүрүүчүлөрдөн же оптика дүкөндөрүнөн сатып алууну сунуштайт.
Анын айтымында, туура тандалган көз айнек көрүүгө зыян келтирбейт. Бирок аны имарат ичинде же жарык аз учурда тагынуунун зарылдыгы жок.
Дарыгер ошондой эле ультрафиолеттен коргоочу чыпкасы жок өтө кара линзалуу көз айнектер кооптуу экенин белгиледи. Мындай линзалар каректи чоңойтуп, көзгө көбүрөөк зыяндуу нурлардын өтүшүнө шарт түзүшү мүмкүн.
Мындан тышкары, сапаттуу көз айнектин линзалары сүрөттү бурмалабай, баш ооруну же баш айланууну жаратпашы керек. Алкагы болсо көздү алды жагынан да, капталынан да жакшы коргогону оң.



