Окуялар

Ошто баласын сабаган киши милицияга жеткирилди

Социалдык тармакта наристеге карата зомбулук көрсөтүлүп жаткан видео тарап, андагы эркек киши милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Видео 23-июль күнү жарыяланган. Маалымат түшөөрү менен факт Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Анын жүрүшүндө окуяга катышкандар Ош шаарынын 36 жаштагы Т. Ж. (баланын атасы), 30 жаштагы Д. А. (жубайы) жана алардын алты жашар М. У. аттуу уулу экени аныкталган.

Милициядан белгилешкендей, видео соцтармакка жакында эле чыкканы менен, окуя өзү 2023-жылдын 22-декабрында тартылганы такталган.

Учурда жубайлар бирге жашабайт. Аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

«Ошого карабастан, үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу бардык жагдайларды ар тараптуу, толук жана объективдүү аныктоо максатында Т.Ж. карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.

ШИИБ социалдык тармактарда тараган ар бир ушундай маалымат милдеттүү түрдө мыйзам чегинде текшерилерин кошумчалады.

Тектеш кабарлар

Back to top button