Коом

Шопоков шаарында жаңы парк куруу пландалууда

Сокулук райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Шопоков шаарындагы Ленин көчөсүндө жайгаша турган жаңы парктын эскиздик долбоорун иштеп чыкты.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, долбоор шаар тургундарынын эс алуусу жана сейилдөөсү үчүн заманбап коомдук мейкиндик түзүүгө багытталган.

Паркта аймакты жашылдандыруу, жөө адамдар үчүн аллеяларды куруу, отургучтарды, сырткы жарыктандыруу тутумдарын жана чакан архитектуралык формаларды орнотуу, ошондой эле эс алуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү каралган.

Жаңы парктын курулушу Шопоков шаарынын архитектуралык көрүнүшүн жакшыртууга, экологиялык абалды оңдоого жана шаар тургундары үчүн заманбап коомдук чөйрөнү түзүүгө өбөлгө болот.

Тектеш кабарлар

Back to top button