Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм фильм августтун аягында көрсөтүлөт

Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм фильм августтун аягында элге тартууланат.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кинокартина XX кылымдын I жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине берилгендигин баяндаарын кабарлады.
«Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.
Тасманын режиссеру — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев. Кинону тартууга Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаменти колдоо көрсөткөн.
«Жусуп» Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн — 35, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналганын айтышты.



