Бишкекте жашы жете элек кызга карата ыдык көрсөтүүгө шектүү кармалды

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасаган деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына С.Б. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 4-июлунда таңкы саат 06:00 чамасында белгисиз эркек киши анын жашы жете элек кызына карата ыплас аракеттерди жасаган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен кылмыш иши козголуп, зарыл болгон соттук экспертизалар дайындалган.
Соттук-медициналык экспертизалардын жана тергөө амалдарынын жыйынтыгында 1996-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран шектүү катары аныкталып, кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда.



