Окуялар

Бишкектеги «Панорамада» кыздар арасында болгон мушташтын себеби айтылды

Арашан айылындагы флагштоктун жанында жаштардын ортосундагы жаңжал боюнча милиция текшерүү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя тууралуу кабар милицияга бүгүн эртең менен саат 07:50дө түшкөн. Жаңжалдын видеосу социалдык тармактарга тарап, коомчулуктун көңүлүн бурган.

Бул факты боюнча материал Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган. Жаңжалга катышкан жарандар териштирүү үчүн милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө катышуучулардын бири арыз жазып, жаңжал өз ара түшүнбөстүктөн улам чыкканын билдирген. Ал башка катышуучуларга карата эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Учурда текшерүү иштери уланууда. Анын жыйынтыгында мыйзамга ылайык тиешелүү чечим кабыл алынат.

Тектеш кабарлар

Back to top button