Окуялар
Ак-Талаада сел жүрүп, 18 үйдүн короосун суу каптады

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп, анын ичинен 2 турак жайдын жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 5 турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.
Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Ага бир жүктөгүч техника, 12 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 өкүлү тартылган.



