Коом

Адам өмүрүн сактап калган студентке сыйлык берилди

И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 6-курсунун студенти Адинай Кабенова жол кырсыгынан жабыркаган адамга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, анын өмүрүн сактап калган.

Окуя 3-августта болгон. Студент жол кырсыгынын күбөсү болуп, тез жардам кызматы келгенге чейин жабырлануучунун абалын көзөмөлдөп, зарыл болгон жардамды көрсөткөн.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Адинай Кабенова менен жолугуп, анын жоопкерчилиги жана кесипкөйлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтин Ыраазычылык катын тапшырды.

Министр жаш адистин аракети медициналык билим менен катар адамгерчилик, жоопкерчилик жана оор учурда жардам берүүгө даяр болуу маанилүү экенин көрсөткөнүн белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button